Самидин Атабаев Ош шаарынын казысы болуп дайындалды
Самидин Атабаев Ош шаарынын мусулмандарынын казысы болуп дайындалды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Тиешелүү буйрукка муфтий Абдулазиз Закиров кол коюп, жамаатка тааныштырды.
Самидин Атабаев буга чейин Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казысы кызматын аркалап келген.
Эске сала кетсек, Оштун буга чейинки казысы Мирланбек ажы Токтомушев УКМК тарабынан кармалган. Ага анын мечит, медреселерден системалуу түрдө акча чогултуп келгендиги жүйөө келтирилген.
