Түркиянын Кайсери шаарында кыргыз диаспорасынын "Акмарал" аттуу жаңы бирикмеси ачылды
Кюлтепе шаарында 14-июнда өткөн Бешинчи эл аралык экономикалык саммиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаев Кайсери провинциясында жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Жолугушуунун башында элчи Кайсери шаарында кыргыз диаспорасынын "Акмарал" аттуу жаңы бирикмесинин ачылышы менен куттуктап, чет өлкөдөгү мекендештердин биримдигин чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Руслан Казакбаев Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча элчиликтин ишмердүүлүгү, ошондой эле кыргыз-түрк мамилелеринин актуалдуу маселелери жөнүндө маалымат берди. Жолугушууда билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык колдоо, эмгек укуктары жана маданий демилгелер боюнча маселелер козголду.
Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун "Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик" уңгу жолу, "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыктарынын мазмунун жана маанисин түшүндүрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын артыкчылыктуу багыттарына өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар кызыккан суроолорун берип, Кайсери шаарында кыргыз маданиятын жайылтуу жана маданий байланыштарды бекемдөө боюнча демилгелерин элчи менен талкуулашты.
Иш-чаранын соңунда элчи Р. Казакбаев активдүү жарандык позициясы жана диаспоранын ишине салым кошуп жаткан мекендештерге ыраазычылык билдирип, элчилик тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.
