Адылбек Касымалиев Түркияга иш сапары менен барат
Сүрөт ачык булактардан алынды
10 ноябрь

Адылбек Касымалиев Түркияга иш сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ушул жылдын 10-12-ноябрь күндөрү Түркияга иш сапары менен барат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Анталья шаарында өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясына катышуучу тараптардын 31-конференциясына (COP31) катышат.

Сапардын алкагында Адылбек Касымалиев иш-чаранын ачылыш аземине, ошондой эле “Тоо күн тартибин алдыга жылдыруу: мөңгүлөр жана криосфера, температуранын чектүү көрсөткүчтөрү ашып кеткен шартта туруктуулукту бекемдөө, биргелешкен жоопкерчилик жана туруктуу каржылоо” деп аталган жогорку деңгээлдеги сессияга катышат.