Сүрөт ачык булактардан алынды
9 ноябрь
Кыргызстан менен Сейшел аралдары 30 күнгө чейин визасыз каттам киргизет
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Сейшел аралдары Республикасынын Өкмөтү менен кыска мөөнөттүү сапарлар үчүн визалык режимди жоюу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Макулдашууга 2026-жылдын 11-майында Бишкек шаарында кол коюлган. Ал эми Жогорку Кеңеш мыйзамды 15-октябрда ратификациялаган.
Документке ылайык, Кыргызстандын жана Сейшел аралдарынын жарандары эки өлкөнүн аймагына визасыз кирип, 30 күнгө чейин жүрө алышат. Ошол эле учурда бир календардык жыл ичинде жалпы болуу мөөнөтү 90 күндөн ашпоого тийиш.
Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
