Ала-Арча жаратылыш паркында дайынсыз болуп жаткан Амирдин сөөгү табылды
Сүрөт ачык булактардан алынды
9 ноябрь

Ала-Арча жаратылыш паркында дайынсыз болуп жаткан Амирдин сөөгү табылды

Ала-Арча жаратылыш паркында дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Амир Кумакуновдун сөөгү табылды. Маалыматты анын жакындары тастыкташты. 

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 8-ноябрында Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан “Электро” чокусуна чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы (айрым маалыматтарда 15) Амир Кумакунов тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Аламүдүн РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, учурда тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, өспүрүм 2026-жылдын 7-ноябрында эртең менен саат 07:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен. Ал бир тууган агасына “Ала-Арча” жаратылыш паркына чуркаганы бара жатканын айткан. Кийинчерээк анын уюлдук телефонуна туташкан “2GIS” тиркемесиндеги геолокация боюнча акыркы жайгашкан жери “Электро” чокусунун аймагы экени аныкталган.

2026-жылдын 7–8-ноябрь күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “Эдельвейс” тоо-издөө отряды тарабынан издөө иштери жүргүзүлгөн.