Кыргызстанда бир жумада КРВИнин жана сасык тумоонун дээрлик 1 миң учуру катталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
9 ноябрь

Кыргызстанда бир жумада КРВИнин жана сасык тумоонун дээрлик 1 миң учуру катталды

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ), сасык тумоонун жана коронавирус инфекциясынын жайылышына жума сайын мониторинг жүргүзүүнү улантууда.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын 45-жумасында (02.11.26–08.11.26) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 10 900 учуру катталган (интенсивдүү көрсөткүчү – 148,4). Бул көрсөткүч өткөн жумага (44-жумада интенсивдүү көрсөткүч – 142,1) салыштырмалуу 4,4%га, ал эми 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсеге жогору.

Ооругандардын жалпы санынын 71,1%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт (7 752 учур).

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында тандалма эпидемиологиялык көзөмөл уланууда. Лабораториялык мониторингдин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 40–45-жумаларында алынган 464 үлгүнүн 9,7%ы (55 үлгү) оң жыйынтык көрсөткөн.

Респиратордук вирустардын айлануусу байкалууда. Алардын арасында риновирустар басымдуулук кылат – 47,3%, парагрипп вирустары – 22,2%, аденовирустар – 13,3%, сезондук коронавирус – 9,9%, бокавирустар – 5,8% жана башка вирустар – 1,5%.