Эрлист Акунбеков Беларусияда Жеңиш монументине гүлчамбар койду
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Беларусь Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында, Минск шаарынын Жеңиш аянтындагы Жеңиш монументине гүлчамбар койду.
Белгилей кетсек, кыргыз делегациясын баштаган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков жумуш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасы жана Беларусь Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынына, ошондой эле Кыргыз-беларусь биринчи аймактар аралык форумунун ачылышына катышат.
Мындан тышкары бир катар өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышып, компания жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
