Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри бекитилди
Сүрөт ачык булактардан алынды
9 ноябрь

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри бекитилди

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2026-жылдын 30-октябрындагы № 224 буйругу менен Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин бекитти.

Ведомстводон кабарлашкандай, реестр 2026-жылдын 17-июлундагы № 113 Мыйзамды ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан жана үч бөлүмдү камтыйт:

  • мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр;
  • муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр;
  • жарандык-укуктук мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр.

Реестрдин негизги максаты — кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты системалаштыруу, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана жарандар менен ишкерлер үчүн керектүү маалыматты алууну жеңилдетүү.

Буйрук күчүнө киргенден тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кызмат көрсөтүүлөрдүн администраторлору жана аткаруучулары расмий сайттардагы жана башка маалымат каналдарындагы маалыматтарды бекитилген Реестрге ылайык келтирүүгө тийиш.