Россиялык дарыгерлер 13-ноябрга чейин Бишкек жана Ош шаарларында иштешет
«РЖД-Медицина» клиникалар тармагынын орусиялык адистери эл аралык волонтёрдук программанын алкагында 13-ноябрга чейин Бишкек жана Ош шаарларында иш алып барышат. Программа Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги жана Россотрудничество тарабынан уюштурулган.
Дарыгерлер бейтаптарды кабыл алып, татаал клиникалык учурларды талдап, кыргызстандык кесиптештери менен тажрыйба алмашат.
Кыргызстандагы Орус үйүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеевдин айтымында, бул программанын алкагындагы орусиялык адистердин 11-жолу келиши.
Ал эми Самара шаарындагы «РЖД-Медицина» ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Денис Згирский программага экинчи жолу катышып жатканын белгиледи.
Делегациянын жетекчиси Юлия Балакина орусиялык адистердин курамы Кыргызстандын медициналык мекемелеринин суроо-талаптарын эске алуу менен түзүлөрүн айтты.
«Миссия Добро» программасы 2021-жылдан бери иштеп келет. Бул убакыт аралыгында анын волонтёрлору 20дан ашык өлкөдө 10 миңден ашуун адиске жана үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүшкөн.
