Бишкектеги эки мектепте «Тартиптин жаш тескөөчүлөрү» тарбияланат
КР ИИМ Академиясы
9 ноябрь

Бишкектеги эки мектепте «Тартиптин жаш тескөөчүлөрү» тарбияланат

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясында Академиянын насаатчылыгындагы 10-класстын окуучуларын салтанаттуу түрдө кабыл алуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу аталган Академиянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган демилге өспүрүмдөргө патриоттук тарбия берүү, алардын мыйзамдуулукка жана коомдук тартипке болгон урмат-сыйын калыптандыруу, ошондой эле кесиптик багыт берүү максатын көздөйт.

Насаатчылык программасынын алкагында жогорку класстын окуучулары Академиянын коомдук турмушуна активдүү катышып, ар кандай тематикалык жана тарбиялык иш-чараларга катышуу менен ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү, милициянын тарыхы жана каада-салттары менен таанышып келишет.

Салтанаттуу кабыл алуу аземи окуучулар үчүн символикалык мааниге ээ болуп, өлкөсүнө татыктуу жаран болууга, мыйзамды сактоого жана коомдук коопсуздукту камсыздоого өз салымын кошууга болгон умтулуусун билдирген маанилүү кадам болуп калды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жана ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясы Бишкек шаарындагы №16 жана №73 жалпы билим берүү мектептерине кураторлук кылуу демилгесин ишке ашырууга киришти.

Бул багытта Академия тарабынан атайын «Жалпы билим берүү уюмдары менен өз ара кызматташуу концепциясы» иштелип чыкты. Концепцияга ылайык, Академиянын өздүк курамы окуучулар арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзөт.

Аталган мектептерде атайын укуктук-тартип класстары ачылып, 10-класстын окуучулары үчүн атайын формалар даярдалды. Алар Академиянын иш-чараларына жигердүү катышып, «Тартиптин жаш тескөөчүлөрү» катары иш алып барышат.

Окуучулар арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында интерактивдүү лекциялар жана семинарлар өткөрүлөт. Ошондой эле сергек жашоо образын жайылтуу максатында спорттук мелдештер уюштурулат.

Демилгенин негизги максаты- ар бир окуучунун өзүн коопсуз сезүүсүнө шарт түзүү жана мектептерде тартип бузууларга жол бербөө.

Бул долбоорду Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги келечекте республиканын бардык мектептеринде жайылтат деген ишеним бар.

Мындай иштер ички иштер органдарында кызмат өтөөнүн кадыр-баркын жогорулатууга жана келечекте тартип сакчысы болууну каалаган жаштардын санын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.