МСК "Товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогу" модулун өнүктүрүү боюнча иштерди улантууда
Сүрөт ачык булактардан алынды
9 ноябрь

МСК "Товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогу" модулун өнүктүрүү боюнча иштерди улантууда

Мамлекеттик салык кызматы жаңыланган “ЭЭФ 2.0” электрондук эсеп-фактуралар системасынын жана “ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды импорттоодо колдонулуучу Жыйынды пост” маалыматтык системасынын негизги элементтеринин бири боло турган “Товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогу” модулун өркүндөтүү боюнча иштерди улантууда.

Бул иштер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-сентябрындагы № 705-т “Электрондук эсеп-фактура 2.0” модулун пилоттук режимде колдонууга киргизүү жөнүндө тескемесин аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.

2026-жылдын 1-ноябрына карата Каталогдо 4 млндон ашык активдүү позиция катталган. Анын ичинде товарлар боюнча 4 млн 083 миң 932 позиция, ал эми жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча 1 миң 183 позиция бар.

Модуль товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалыматтарды системалаштырууга, алардын аталыштарын бирдейлештирүүгө жана электрондук документ жүгүртүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

Маанилүү!

Ишкерлер 2027-жылдын 1-мартына чейин салыштырып текшерүү иштерин жүргүзүшү зарыл!

Аталган тескеменин 5-пунктуна ылайык, экономикалык ишмердүүлүктүн субъекттери 2027-жылдын 1-мартына чейин колдонуп жаткан товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштарын жаңы каталогдогу позициялар менен салыштырып текшериши керек.

Эгерде керектүү позиция каталогдо жок болсо, салык төлөөчүлөр толук жана так маалыматтарды көрсөтүү менен аны каталогго киргизүү боюнча өтүнмөнү салык төлөөчүнүн жеке кабинети аркылуу жөнөтүшү зарыл.

Суроолор жаралган учурда модуль менен иштөө боюнча жарыяланган колдонуучунун колдонмосунан пайдаланууга болот.

ЭЭФ 2.0 системасына өтүү жана аны мындан ары өнүктүрүү

Тескемеде жаңыланган ЭЭФ 2.0 системасын пилоттук режимде ишке киргизүү да каралган. Анын жыйынтыгы боюнча система жаңы каталогду колдонуу менен өнөр жайлык пайдаланууга өткөрүлөт. Жаңы каталог келечекте электрондук эсеп-фактуралардын учурдагы системасын алмаштырат.

Мындан тышкары, Салык кызматы 2027-жылдан тартып Каталогду Жыйынды пост маалыматтык системасы менен интеграциялоону пландаштырууда. Бул маалыматтарды бирдиктүү форматта колдонууга, алардын өз ара шайкештигин жогорулатууга жана электрондук документ жүгүртүү процесстерин жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет.

Салык кызматы ишкерлерди, өзгөчө импорттоочуларды, колдонуп жаткан товарлардын аталыштарын алдын ала тактап, зарыл болгон учурда каталогдо жок позицияларды киргизүү боюнча өтүнмөлөрдү белгиленген мөөнөттү күтпөстөн жөнөтүүгө чакырат.