Балыкчыда электромобилдер үчүн үч жаңы кубаттоочу станция орнотулду
«Чакан ГЭС» ААКсы Балыкчы шаарында электромобилдер үчүн үч жаңы кубаттоочу станция орнотту. Учурда жабдууларды ишке киргизүүгө даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Заряддоо станциялары Балыкчы – Нарын унаа жолунун боюна жайгаштырылды. Долбоорду ишке ашыруу үчүн компания жумушчу документтерди даярдап, шаар куруу корутундусун алган жана жер тилкесин ижарага тариздеген.
Мындан тышкары, Нарын облусунда дагы беш кубаттоочу станция орнотуу пландалууда. Алардын үчөө Кочкор районунун Теңдик айылына, экөө Чолпон айылына жайгаштырылат.
2026-жылы «Чакан ГЭС» Ысык-Көл облусунда 14, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында төрт кубаттоочу станцияны ишке киргизген.
Компания кубаттоочу станциялардын тармагын өнүктүрүүнү 2025-жылы баштаган.
