Ош аэропортуна баруучу жол тилкесиндеги жашыл аймак жаңыланат
видеодон алынган кадр
10 ноябрь

Ош аэропортуна баруучу жол тилкесиндеги жашыл аймак жаңыланат

Ош эл аралык аэропортуна баруучу 1,5 чакырымдык жол тилкесинде инфраструктураны жаңыртуу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Мэриядан кабарлашкандай, анын алкагында совет доорунан берки эски жарыктандыруу мамычалары алынып, заманбап үлгүдөгү чырактарга алмаштырылат. Ал эми жол ортосундагы жашыл тилкенин топурагы жаңыланып, бак-дарактар атайын питомникке көчүрүлөт. Алардын ордуна көп жылдык декоративдүү бадалдар отургузулуп, автоматташтырылган сугат системасы орнотулат.

Курулуш иштерине байланыштуу аэропорт тарапка багыт алган жолдун бир тарабы эртең саат 08:00дөн 18:00гө чейин убактылуу жабылат. Ал эми каршы тилкеде унаалардын эки тараптуу кыймылы уюштурулат.

Мэрия унаа ээлеринен каттамдарын алдын ала пландап, жол эрежелерин так сактоону өтүнөт жана убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.