Чүй ОИИББ
10 ноябрь
Аламүдүндө жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жаранга жана аны иштеткен ишканага айып салынды
Аламүдүн районунда жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жаранга жана аны иштеткен ишканага айып салынды.
Чүй облустук милициясынан кабарлашкандай, 2026-жылдын 9-ноябрында социалдык тармактарда Байтик айылына жакын жайгашкан «Аламүдүн Арка» аймагында айдоочулардын ортосундагы кайым айтышуунун видеосу тараган.
Аталган факты Аламүдүн РИИБде катталып, окуянын катышуучулары аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында чет өлкөлүк жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесине ылайык 10 000 сом, ал эми аны иштеткен ишканага 65 000 сом айып пул салынды.
Жалпы 75 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Катышуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам талаптарын сактоо эскертилди.
