Бишкекте белгилүү обончу Кенжекул Мендебаировдун 80 жылдык мааракеси белгиленди
видеодон алынган кадр
10 ноябрь

Бишкекте белгилүү обончу Кенжекул Мендебаировдун 80 жылдык мааракеси белгиленди

Бишкекте Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү обончу, театр жана кино актёру Кенжекул Мендебаировдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Мааракенин алкагында залкар талантка маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевдин куттуктоосун тапшырды.

Ошондой эле Эл аралык түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раевдин атынан эл аралык уюмдун төш белгиси ыйгарылды. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана республиканын театр-оюн-зоок мекемелеринин жетекчилеринин куттуктоолору окулду.

Салтанаттуу иш-чара Кенжекул Мендебаировдун «Акым бар» аттуу обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары менен уланып, автордун чыгармаларынан турган концерттик программа менен коштолду. Кечеде өнөр ээсинин чыгармачылык жолу, кыргыз маданиятына кошкон салымы жана улуттук искусстводогу орду даңазаланды.