Садыр Жапаров кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды
президенттин администрациясы
9 ноябрь

Садыр Жапаров кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-ноябрда, Бишкек шаарында ири эл аралык жана мамлекеттик иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө олуттуу салым кошкон, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүгүндө жогорку натыйжаларга жетишкен жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Ардактуу мекендештер!

Урматтуу мамлекеттик сыйлык ээлери!

Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында эгемен Кыргызстанда өзгөчө маанилүү жана тарыхый окуялар болуп өттү.

Эң негизгиси, биз дүйнөлүк масштабдагы ири иш-чараларды өз күчүбүз, өз мүмкүнчүлүгүбүз менен татыктуу өткөрө аларыбызды дагы бир жолу далилдедик.

Дал ушул иш-чаралар Кыргызстандын эл аралык аренадагы ордун бекемдөөгө, улуттук маданиятыбызды дүйнөгө таанытууга жана мамлекетибиздин уюштуруучулук мүмкүнчүлүгүн көрсөтүүгө чоң өбөлгө түздү.

Ооба, ар бир тармактын өзүнө тиешелүү жоопкерчилиги бар.

Бирок алардын баарын бириктирген жалпы максат Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыгын коргоо жана өлкөбүздүн аброюн бийик көтөрүү болду.

Биз бул максатка жете алдык.

Мен мына ушундай маанилүү эл аралык жана мамлекеттик деңгээлдеги ири иш-чараларды даярдоодо, ошондой эле өздөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө жогорку жетишкендиктерди камсыз кылган мекендештерибиздин эмгегин өзүнчө баалоо тууралуу чечим кабыл алып, Жарлык чыгардым.

Бүгүн ошол мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу үчүн чогулуп олтурабыз.

Эң оболу, мына ушул залда олтурган каармандарыбызды Кыргыз Республикасынын жогорку мамлекеттик сыйлыктарына ээ болушу менен чын дилимден куттуктаймын!

Урматтуу мекендештер!

Жыл башында чоң-чоң иш-чараларды өткөрүүнү белгилеп, “Эгемендигибиздин 35 жылдыгын Таласта өткөрүүнү болжоп, Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын саммитин жогорку деңгээлде өткөрүп алалы, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөрүлгөнү турат, ошондуктан көчмөндөрдүн рухун дүйнөгө тааныталы” деген ири максаттарды коюп, изги тилек менен иш жүргүзүп келе жаттык элек.

Ошол эле маалда өлкөбүздү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жаатындагы иш-пландарды да көзөмөлдөн чыгарбай, жүзөгө ашыруу милдети турган.

Чыныгы кесипкөйлөр, жогорку уюштургуч жөндөмү бар адистерди бир командага топтой билген Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттик Администрациянын Жетекчиси Адылбек Алешович мына ушундай масштабдуу, түйшүктүү иштерди бирдей алып кете алгандыгын баса белгилеп айта кетейин.

Эгемендикти регион аймагында мамлекеттик деңгээлде өткөрүү, бизден башат алып, бир канча өлкөлөрдөн өтүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын башка форматта уюштуруу, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин кынтыксыз өткөрүүгө тыкыр даярдыктарды көрүү үчүн Адылбек Алешович түнү уйку көрбөй, күнү тыным албай, жүздөгөн чогулуштарды өткөрүп, миңдеген тапшырмаларды берип, кайра алардын аткарылышын тыкыр текшерип, мага маалыматтарды берип турду.

Мындай командалык ишти солк эттирбей бир калыпта алып баруунун натыйжасында борбор калаадан баштап, иш-чаралар өтүүчү локациялар жайгашкан аймактардын инфратүзүмүн жаңылоо, көрктөндүрүү, жарыктандыруу, транспорттук каттамдарды камсыздоо жана башка кеңири иштер жүргүзүлдү.

Ошол эле маалда республикалык бюджеттин аткарылышын көзөмөлгө алып, жети дубандагы элдин жашоо-турмушунун жакшырышына кам көрүүнү көңүл сыртында калтырган жок.

Анын натыйжасында айлык маяналар, пенсиялар, жөлөк пулдар көтөрүлүп, салт болуп калган 100 социалдык жана 100 өнөр жай объектилери курулуп, бир тобун ишке киргиздик.

Мына ушулар менен кошо Адылбек Алешович жасаган иштерин жалпыга жар салып, мактанбаган жөнөкөйлүгүн, финансылык сабаттуулугунан сырткары, адамгерчилик бийик сапатын, мыйзамсыз иш-аракеттерден алыс болгон тазалыгын, алдым-жуттумдугу жоктугун, туура сынды да, ыгы жок критикаларды да көтөрө билген сабырдуулугун айтпай кете албайм.

Ошондон улам, учурдан пайдаланып, Адылбек Алешовичке терең ыраазычылык билдирем.

Ардактуу кыргызстандыктар!

Жыл башында жогорудагы иштердин арасынан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин даярдоо жана өткөрүү жоопкерчилигин Иш башкаруучу Каныбек Туманбаевге жүктөгөн элем.

Уюштуруу комитетинин төрагасы катары ал тиешелүү мамлекеттик органдардын ишин координациялап, бул иш-чаралардын жогорку деңгээлде өтүшүн камсыз кылды.

“Бишкек Аренада” өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи Кыргызстандын тарыхын, маданиятын жана улуттук дөөлөттөрүн дүйнөгө даңазалады.

Бул салтанат эл аралык коомчулуктун кеңири көңүлүн буруп, өлкөбүздүн кадыр-баркын көтөрүүгө жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн таанытууга олуттуу салым кошту.

Мындан сырткары, менин тапшырмам менен Иш башкармалыгы “Ынтымак Ордо”, “Ырыс Ордо”, “Бишкек Арена”, жаңы автобекет жана жаңы Ош базары сыяктуу ири объектилердин курулушун колго алды.

Ошондой эле өлкө боюнча 81 миңден ашык ипотекалык батирдин курулушун алып барууда. Албетте, жыйынтыктар жаман эмес. Ошондуктан Каныбек Туманбаевке дагы терең ыраазычылык.

Урматтуу замандаштар!

Мамлекеттин эл аралык аброю, өлкөнүн өнүгүүсү борбор калаадан башат алып, борбор калаа менен өлчөнөрү турган иш.

Ордо калаабыз Бишкек – Кыргызстандын жүзү, сыртка тааныта турган визиттик картасы.

Биз жогоруда тизмектеген иштердин баары борборубуз Бишкек аркылуу болуп өттү.

Борбордон чечим кабыл алынды, борбордон мейман тосулду, иш-чаралар борбордон башталды.

Демек, Бишкек мэриясынын, анын башында турган мэрдин жоопкерчилиги баарынан жогору болду.

Коюлган талаптарды аткарууда калыптанып калган инфратүзүмгө байма-бай өзгөртүүлөрдү киргизип, элге дайым түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө Айбек Жанышбековичтин эмгеги зор.

Башында айткан ири иш-чаралардын миңдеген катышуучуларына кам көрүүнүн эмне деген майда-чүйдө убаракерчиликтери бар.

Алар деталдарына чейин ойлонулган иштерди, так эсептелген чечимдерди, жогорку уюштуруучулук чеберчиликти жана чоң жоопкерчиликти талап кылат.

Майда дегенибиз бирөөнөн кемчилик кетсе, оркоюп чыгып, бүтүн ишти бүлдүрүп, көзгө коомай көрүнүп калары турган иш.

Мындай шартта мамлекеттин жүзүн, өлкөбүздүн визиттик картасын татыктуу кармай алган мэрибиз Айбек Жунушалиевдин эмгегин да баалай билишибиз керек.

Кайсы гана жерде, кайсы гана иште тартип, тактык, коопсуздук камсыз болмоюнча, иш-чара, болгондо да бир катар өлкөлөрдүн президенттери катышкан ири иш-чараларды өткөрүү бир чети ар-намыстын иши, бир чети Кыргызстандын жүзү, бир чети биздин мамлекетке чет элдиктердин ишеними десем туура болот.

Бул өңүттөн алып караганда, укук коргоо органдарынын, анын ичинде Ички иштер министрлигинин ролу абдан бийик.

Ишенип тапшырылган иштин олуттуулугун баамдап, Мекен алдында берген антына бекем туруп, коомчулуктун коопсуздугун камсыздоодо ИИМ жетекчиси Улан Омокановичтин жана министрликтин жалпы жамаатынын күнү-түнү бел чечпей кызмат кылганы өз учурунда бааланууга тийиш.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө ар кандай коркунучтар, чакырыктар күч алган мезгилде өлкөгө келген меймандардын да, мейман күткөн кыргызстандыктардын да коопсуздугун бирдей көзөмөлдөп, жогорку уюштуруучулук жөндөмү менен тынчтыгыбызды так сактап бере алды.

Урматтуу мекендештер!

Мен бул жерде ири эл аралык иш-чараларды өткөрүүдө жогорку кызмат орундарында турган жетекчилерди айтканым менен, алардын аркасында чыныгы иш алып барган, жаралган маселени жон терисинен өткөрүп, чечүү жолдорун сунуштаган, кесибин так аткарууга берилүү менен мээнет төккөн жөнөкөй кызматкерлерибиз турат.

Алардын баарынын ысымдарын атап, ар бирине токтолуунун кажети жок деп ойлойм.

“Калктан өткөн калыс жок” деп айтылган кеп бар элибизде. Мээнет кылып, чоң иш жараткандарды кара кылды как жарган эл жакшы билет. Өзү сыйлап алат, ооздон оозго сөз кылып олтуруп, нагыз элдик уул же элдик кыз атагын беришет. Ошондуктан калган эр-азаматтарыбызга токтолбой эле коёюн.

Тек гана бүгүнкү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, чоң иштин артында аты аталбаган, бирок жүктөлгөн милдетин абийирдүүлүк менен аткарган адамдарга – быйылкы эл аралык жана мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө катышкан бардык мамлекеттик кызматкерлерге, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, маданият ишмерлерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана жалпы мекендештерибизге терең ыраазычылык билдирем.

Кадырман калайык-калк!

Бул эл аралык деэгээлдеги иш-чараларды өткөрүү менен Кыргызстан эмнеге жетти, эмне утуш алдык?

Бул иш-чаралар аркылуу биз дүйнө коомчулугуна Кыргызстанды байыркы тарыхы бар, улуттук баалуулуктарын аздектеген, ошол эле учурда заманбап өнүгүүгө умтулган мамлекет катары көрсөтө алдык.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – көчмөн элдердин бай тарыхын, улуттук маданиятын, каада-салтын жана руханий баалуулуктарын дүйнө жүзүнө тааныткан ири эл аралык аянтча болуп калды.

Биз ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган көчмөн цивилизациясынын баалуулуктарын сактоо менен гана чектелбестен, аны дүйнөлүк маданий жана спорттук кыймылдын маанилүү бөлүгүнө айландыра алдык.

Бул эл аралык долбоорду жаңы деңгээлге көтөрүп, спорт, маданият жана илим бирге иштей ала тургандыгын далилдеди.

Натыйжада Кыргызстан дүйнөгө этноспорттук мелдештерди татыктуу өткөрө аларын гана көрсөтпөстөн, көчмөндөр цивилизациясын биргелешип изилдөөгө да чоң чакырык таштап койдук.

Ал эми Кыргызстандын эл аралык аброюн бекемдөөдө Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын Бишкек саммити да өзгөчө орунду ээледи.

Дүйнөлүк жана аймактык саясатта маанилүү орду бар мамлекеттердин жетекчилерин кабыл алуу Кыргызстанга болгон эл аралык ишенимдин көрсөткүчү болуп саналат.

Мындан сырткары, көп тараптуу дипломатиядагы өз ордубузду бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк болду.

Борбор Азия акырындык менен перифериялык региондон эл аралык транспорт, соода жана инвестициялык агымдардын өз алдынча чордонуна айланып бара жатат.

Кыргызстандын бул процесстердин агымы менен кетүүсү өтө маанилүү.

Бул иш-аракеттердин өзү Кыргызстандын маданий жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде таанытууга маанилүү салым кошту.

Урматтуу замандаштар!

Мамлекеттик сыйлык – бул мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн жогорку ишеним, ак эмгекке берилген баа жана мындан аркы иштерге болгон чоң жоопкерчилик.

Мен мамлекетке кызмат кылуу конкреттүү иш менен далилдениши керектигин дайыма айтып келем.

Бизге кагаз жүзүндөгү отчеттор эмес, көзгө көрүнгөн, эл билген натыйжалуу иштер жана мамлекетибиздин өнүгүшүнө кошулган реалдуу салым керек.

Жаңы Кыргызстанды куруу жолунда алдыга дагы чоң-чоң максаттарды коюп жатабыз.

Кыргызстан мындан ары да дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштурган, эл аралык милдеттенмелерин так аткарган, өзүнүн бай тарыхын жана маданий баалуулуктарын аздектеген, өнүккөн жана күчтүү мамлекет болушубуз керек.

Бул максатка жетүү үчүн баарыбыздан биримдик, жогорку жоопкерчилик, кесипкөйлүк жана талыкпаган эмгек талап кылынат.

Бүгүнкү силерге берилип жаткан сыйлыктар башка мекенчил жарандарыбызга жаңы дем-күч берип, мамлекеттик жана коомдук ишмердигинде албан-албан ийгиликтерди жаратууга шыктандырсын.

Ал эми урматтуу сыйлык ээлери, Сиздерди жогорку мамлекеттик сыйлыктарыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!

Мамлекетибиз үчүн кылган ак эмгегиңиздер ар дайым үзүрлүү болсун!

Эгемен Кыргызстандын даңкы артып, дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркы бийиктей берсин!”