Бишкекте BMW X7 үлгүсүндөгү автоунаага байланыштуу алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
24 сентябрь

Бишкекте BMW X7 үлгүсүндөгү автоунаага байланыштуу алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

2026-жылдын 19-сентябрында Н.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда 1991-жылы туулган У.М. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Арызда көрсөтүлгөндөй, 2026-жылдын 2-апрелинде Гоголь көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде У.М. ишенимден кыянаттык менен пайдаланып жана алдоо жолу менен Н.Т.га таандык, баасы 55 миң АКШ долларын түзгөн BMW X7 үлгүсүндөгү автоунааны ээлеп алган.

Маалыматка ылайык, автоунаа аны эки айдын ичинде сатып берүү шылтоосу менен өткөрүлүп берилген. Кийин аталган автоунаа Г.Ж. аттуу жаранга 57 миң АКШ долларына сатылган. Ал эми алынган акча каражатын, иштин материалдарына ылайык, У.М. жеке керектөөсүнө пайдаланган.

Натыйжада Н.Т.га өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1991-жылы туулган У.М. кармалган. Ал буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы тууралуу маалыматтар бар.

Учурда кармалган жаран Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иш-чаралары улантылууда.