Ош: Жапалактагы 5 миң кожолукка жаратылыш газы берилди
Ош мэриясы
24 сентябрь

Ош: Жапалактагы 5 миң кожолукка жаратылыш газы берилди

Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында 5 миң кожолукка жаратылыш газы берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Жумушту Ош шаарынын мэриясынын каржылоосунда “Газпром” ЖЧКсы аткарды. Жалпысынан аталган аймакта 9 айылга 2 чакырымдай газ түтүгү тартылды.

Эске салсак, Жапалак айылына газ тартуу көйгөйү мэр Жанарбек Акаевдин президенттин тапшырмасынын негизинде эл менен жолугушуу учурунда айтылган.