Жогорку Кеңеш «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү колдоду
18 июнь

Жогорку Кеңеш «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү колдоду

Бүгүн, 18-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды. 

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору менен юстиция министри Аяз Баетов тааныштырды. 

Мыйзам долбоору мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар үчүн билим деңгээлине карата талаптарды жеңилдетүү, мамлекеттик башкарууда кадр саясатына кыйла ийкемдүү мамилени камсыз кылуу, мамлекеттик деңгээлде реформаларды ишке ашыруу үчүн квалификациялуу адистерди тартуунун механизмдерин түзүү, жана муниципалдык кызматчылардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору дагы үч окууда колдоого ээ болду. 

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Аталган мыйзам долбоору жарандардын кайрылуулары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жана жарандардын кайрылууларын кароо тартибин бузгандыгы үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу, мыйзамда белгиленген мөөнөттө негиздүү жооп берүүгө милдеттүү болгон мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына кайрылууга болгон конституциялык укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.