ТИМ кыргызстандыктарды Иран жана Израилге баруудан баш тартууну сунуштайт
Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы туруксуз кырдаалга байланыштуу, Кыргызстандын жарандарына Иран Ислам Республикасына жана Израиль Мамлекетине баруудан убактылуу баш тартууну, ошондой эле кырдаал жөнгө салынганга чейин аталган өлкөлөрдөн чыгып кетүүнү кайрадан сунуштайт.
Жакынкы Чыгышка барууну же чыгып кетүүнү пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына аба каттамдарына коюлган учурдагы чектөөлөрдү эске алуу жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана авиакомпаниялардын маалыматтык билдирүүлөрүнө көз салуу сунушталат.
Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин ыкчам байланыш номерлерине кайрылуу сунушталат:
- Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилиги: +974 5066 7001;
- Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилиги: +965 5170 2180;
- Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилиги: +98 935 250 5226;
- Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчилиги: +971 2558 4955;
- Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы Башкы консулдугу: +971 58 881 3567;
- Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчилиги: +966 58 376 99454;
- Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилиги: +90 545 689 6800.
