президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
21 август
Аксы районунун туристтик мүмкүнчүлүгү кеңейтилет
20-августта Аксы районунун туризм тармагын өнүктүрүү, туристтик аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу жана эс алуучулар үчүн шарттарды түзүү боюнча жыйын өттү.
Жыйынга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев катышты.
Мында Аксы районунун туристтик потенциалын кеңейтүүгө багытталган долбоорлор талкууланды. Анын ичинде Падыша-Ата зыярат жайын оңдоп-түзөө жана туристтер үчүн заманбап шарттарды жаратуу, ошондой эле Кара-Камыш көлүнүн аймагында туристтик объектилерди куруу маселелери каралды.
Облус башчысы Тилек Текебаев Аксы районунун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу зарылдыгын белгилеп, бул багыттагы долбоорлорду ишке ашырууу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
