Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын премьер-министрлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтөт
7 январь

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын премьер-министрлеринин үч тараптуу жолугушуусу өтөт

КР министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын үч тараптуу жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жолугушуу үстүбүздөгү жылдын 8-январында Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде болот.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринин президенттеринин буга чейин жетишилген мамлекеттик чек ара маселелерине байланышкан макулдашуунун айланасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.