Ош облусунун башчысы Чоң-Алайдын эли менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Чоң-Алай районуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, элдик жыйын өткөрдү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Жыйындын жүрүшүндө облус башчысы райондун социалдык-экономикалык абалы, чек ара маселелеринин чечилиши, мамлекеттик программалардын аткарылышы жана келечектеги өнүгүү пландары боюнча маалымат берди.
Ошондой эле эл тарабынан берилген суроолорго жооп берип, алардын көйгөйлөрүн угуп, сунуштарын кабыл алды.
Жергиликтүү тургундар жол курулушу, айыл чарба, тоо-кен ишмердүүлүгү, социалдык жана техникалык инфраструктура маселелери боюнча маселелерди көтөрүшүп, тиешелүү сунуш-пикирлерин билдиришти.
Эльчибек Жантаев жыйында көтөрүлгөн ар бир маселеге жеке жооп берип, эл тарабынан айтылган көйгөйлөр көзөмөлгө алынып, тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте каралып, мүмкүнчүлүккө жараша чечимдер кабыл алынаарын белгиледи.
Белгилей кетсек, элдик жыйынга Чоң-Алай районунун ар кайсы аймактарынан 300дөн ашуун тургун катышты.
Мындай жолугушуулар эл менен түз диалог жүргүзүүгө, жеринде көйгөйлөрдү угууга жана ыкчам чечим кабыл алууга шарт түзөт.
