«Учкун» ААКда административдик корпус капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды
Бүгүн президенттин Иш башкармасына караштуу «Учкун» ачык акционердик коомунда капиталдык оңдоодон өткөн административдик корпус пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Иш башкармасы Каныбек Туманбаев билдирди.
Туманбаев мекеменин ишмердүүлүгү жана өндүрүш багыттары менен жеринде таанышып чыкты.
«Административдик имаратты карап чыккандан кийин, акциздик маркалар жана биометрикалык паспорттор даярдалуучу бөлүмдөргө да барып, алардын техникалык абалы жана өндүрүш процесстери көрдүк. Бул бөлүмдөр – ишкананын стратегиялық багыттарынын бири болуп саналат», – деди ал.
Ал «Учкун» ААКсы акыркы жылдары туруктуу өнүгүү жолунда экендигин билдирди.
«Полиграфия тармагында эл аралык стандарттарга жооп берген өндүрүш түзүлүп, кызматташуу географиясы кеңейүүдө. Буга мисал катары, Намибия Республикасы жана башка өлкөлөр менен түзүлгөн кызматташтыкты келтирүүгө болот. Алгачкы келишим боюнча 130 миң даана биометрикалык паспорт даярдалып, ийгиликтүү жеткирилген. Учурда эки тараптуу кызматташуунун экинчи этабы башталды», - деп баса белгиледи Туманбаев.
