Бишкектин айрым аймактарында 19-июнда таза суу жок болот
Бишкектин айрым аймактарында 19-июнда саат 10:00дөн 20:00гө чейин таза суу жок болот, деп кабарлайт "Бишкексууканал" ишканасы.
Өчүрүлүүчү район төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
*Куйручук көчөсү - 7-Апрель көчөсү - Достоевский көчөсү - Куланак көчөсү; * Карадаринская көчөсү - Ахунбаев көчөсү - 7-Апрель көчөсү - Улан-1 жана Улан-2 кичи райондорунун ортосундагы чек ара; * Кумушалиева көчөсү - Алапаев көчөсү - Кольбаев көчөсү - Жогорку Көк-Жардагы Кийизбаева көчөсү.
Өчүрүү 11-кичи райондогу диаметри 500мм жана 300мм болгон суу түтүгүндөгү аварияны жоюуга байланыштуу.
"Бишкексууканал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан, калктан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.
