Кундузбек Сулайманов Токтогул районунун Сары-Камыш айылынын аксакалдары менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Мекенчил” депутаттык тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов Токтогул районунун Сары-Камыш айылынын аксакалдары менен жолугушту.
Жыйында көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан Кара-Чүйлүү токой чарбасына байланыштуу маселе талкууланып, айыл тургундары өздөрү туш болгон көйгөйлөрдү айтышты.
8800 гектарды түзгөн Кара-Чүйлүү токой чарбасы 1997-жылы Өкмөттүн №226 Токтомуна ылайык Нарын облусунун Жумгал районуна берилген. Бирок, токой чарбасын башкаруу Жумгал районуна караганы менен жайыт жерлери Токтогул районунун Сары-Камыш айылына таандык. Жаз, жай мезгилинде эки райондун элинин ортосунда жайыт талашуу байма-бай катталып, бир топ ызы-чуулар менен коштолот. Мындан улам Сары-Камыш айылынын тургундары аталган жайыт жерлерди Токтогул районунун токой кызматына өткөрүп берүүнү суранууда.
Элдин көйгөйүн чечүү максатында “Мекенчил” депутаттык тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын директору Мураталы Тагаев, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Жакшылык Токтосунов, Жумгал жана Токтогул токой чарбаларынын директорлору жана башка тиешелүү жетекчилерди чакырып, маалыматын укту.
Айыл аксакалдары менен өткөн жыйында токой чарбасына байланыштуу көптөгөн суроолор ачык талкууланып, бир катар маселелер такталды.
Ал эми депутат Кундузбек Сулайманов тиешелүү органдарга Кара-Чүйлүү токой чарбасы боюнча элдин талашына чекит коюу үчүн жумушчу комиссия түзүп, 20 күн мөөнөт ичинде териштирүү жүргүзүп, эки тараптын пикиринин негизинде объективдүү жыйынтык чыгаруу тапшырмасын берди.
