Бишкек — Балыкчы поезд каттамы 6-июндан тарта жанданат. Баасы
26 май

Бишкек — Балыкчы поезд каттамы 6-июндан тарта жанданат. Баасы

Бишкек — Балыкчы багытындагы жайкы жүргүнчү поезди 6-июндан тарта каттай баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирет.

Бул каттамдын өзгөчөлүгү — Балыкчы шаарынын көл жээгиндеги токтоо пунктуна чейин улантылмакчы.

Поезддин каттамы 2025-жылдын 6-июнунан башталат. 6-июндан 6-июлга чейин поезд жума, ишемби жана жекшемби күндөрү саат 07:45те Бишкек-2 борбордук темир жол вокзалынан жөнөп, саат 12:16да Балыкчы шаарынын көл жээгиндеги токтоо пунктуна жетет.

7-июлдан 31-августка чейин поезд күн сайын жүрөт.

Поезддин курамында шарттары жакшыртылган алты вагон бар. Алар панорамалык терезелер, кондиционерлер, жумшак отургучтар жана дивандар, мультимедиа системалар, акысыз Wi-Fi, электрондук жабдыктарды кубаттоочу уячалар жана буфет кызматы менен камсыздалган.

Жөнөкөй вагон:

• 5 жашка чейинки балдарга орун ээлебестен - акысыз;

• 5-10 жаштагы балдар үчүн - 73 сом;

• 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн - 150 сом.

Люкс вагону:

• 5 жашка чейинки балдарга орун ээлебестен - акысыз;

• 5-10 жаштагы балдар үчүн - 250 сом;

• 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн - 500 сом.

VIP вагону:

• 5 жашка чейинки балдарга орун ээлебестен - акысыз;

• 5-10 жаштагы балдар үчүн - 400 сом;

• 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөр үчүн - 800 сом.

VIP-купе вагону:

• Баасы - 6000 сом бир купе үчүн;

• Купеде 6 чоң адамга чейин жол жүрүүгө уруксат берилет;

• Ар бир жүргүнчү 5 жашка чейинки бир баланы акысыз кошо ала алат.

Кол жүгү акысыз ташылат.

Билеттерди төмөнкү жерлерден сатып алса болот:

Онлайн: https://ticket.railway.kg/ вебсайты жана railway.kg мобилдик тиркемелери, Бишкек-2 темир жол бекетинин кассаларынан, ошондой эле бош орундуктар бар болсо, поезддин өзүнөн бардык төлөм системалары аркылуу накталай жана нактасыз төлөм менен.