Блэкаут! Энергетика министрлиги авариялык абал болгонун тастыктады
18 июнь

Блэкаут! Энергетика министрлиги авариялык абал болгонун тастыктады

Кыргызстандын Энергетика министрлиги Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда электр жарыгын массалык түрдө өчүрүүгө алып келген өзгөчө кырдаал фактысын тастыктады.

Ведомстводон билдиришкендей, адистер окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо жана кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам иш алып барууда. Учурда электр энергиясы калыбына келтирилди.

Министрлик жарандарды сабырдуулукка чакырып, такталбаган маалыматты таратпоого чакырып, такталган маалыматтар жакынкы аралыкта берилерине ишендирди.