Бажы кызматынын катарын 113 жаш офицерлер толуктады
3 декабрь

Бажы кызматынын катарын 113 жаш офицерлер толуктады

2024-жылдын 3-декабрында Д.Асанов атындагы паркта жайгашкан бажы кызматынын аллеясында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы кызматкерлеринин ант берүү салтанаттуу аземи өттү. Иш-чарага Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы, бажы кызматынын генерал-майору С.Исабеков, бажы кызматынын ардагерлери, Борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана бажы органдарынын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын башында туу көтөрүүчүлөрдүн тобу салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын желегин оркестрдин маршы менен алып чыгышты. Андан кийин жаш кызматкерлер өзүнүн кызматтык милдеттерин жана аларга жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарууга ант беришти.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы С.Исабеков кызматка жаңы кабыл алынган кызматкерлерге кайрылып, аларды ант берүүлөрү менен куттуктап, ант берүү ар бир кызматкердин жашоосундагы маанисин баса белгиледи:

«Ант берүү менен сиз бажы кызматынын офицерлеринин катарын толуктап эле тим болбостон, эл жана Мекендин алдындагы кызматтык милдеттериңизди ак ниеттүүлүк жана тайманбастык менен аткарууга жоопкерчилик алып жатасыз. Кыргызстандын экономикалык коопсуздугун коргоодо Бажы кызматы маанилүү ролду ойнойт жана сиз бул маанилүү миссиянын бир бөлүгү болуп калдыңыз. Ар дайым жана бардык жерде ыйык антыңызга бекем болуңуз. Сиздерге чың ден соолук, кызматта ийгиликтерди жана ишиңиздерге берилгендик каалайм», – деди бажы кызматынын башчысы.

Ошондой эле, Бажы кызматынын ардагерлер союзунун төрагасы К.Кемелбаев жаш кызматкерлерди куттуктап, жаңыдан кабыл алынган кызматкерлерге дем-күч, кесиптик өсүш каалады.

2-декабрда Ош бажысынын базасында ушундай эле салтанат өтүп, Баткен, Ош жана Жалал-Абад бажыларынын 45 кызматкери ант беришти. Мамлекеттик бажы кызматынын жалпысынан 113 жаңы кызматкери мыйзамдуулук, адилеттүүлүк жана ак ниеттүүлүк принциптерине берилгендигин тастыкташты.