Бишкектин айрым аймактарына электр жарыгы берилди
18 июнь

Бишкектин айрым аймактарына электр жарыгы берилди

Бишкек жана Чүй облусунун тургундары электр жарыгысыз калды. Массалык өчүрүү бүгүн, 18-июнда болжол менен саат 13:21де катталды. 

Борбордук райондор, калктуу конуштар жана кичи райондор электр жарыгысыз калышты.

Күбөлөрдүн айтымында, өчүрүүлөр жол чырактарга, соода объектилерине жана турак жайларга да таасирин тийгизген.

Болжол менен 20 мүнөттөн кийин электр энергияны берүү калыбына келтириле баштады. Шаардын борбордук бөлүгүндө, 6-кичи райондо жана Байтик баатыр көчөсүндө болжол менен саат 13:59да жарык берилди. 

Азырынча өчүрүүнүн так себеби белгисиз. Энергетика министрлиги расмий маалымат тарата элек.