Бишкектин айрым аймактарында 15-июлда таза суу жок болот
13 июль

Бишкектин айрым аймактарында 15-июлда таза суу жок болот

Бишкектин айрым аймактарында 15-июлда саат 09:00дөн 24:00гө чейин таза суу болбойт, деп билдирет мэриянын маалымат кызматы.

Өчүрүү аймагы көчөлөр менен чектелген:

  • Фрунзе көч. - Ж. Жолу пр. - Абдрахманов көч. - Ибоаимова көч.;
  • Фрунзе көч. - Жумабек көч. - Сүйүмбаев көч. - Ибраимов көч.

Диаметри 400 мм болгон Кировская скважинасындагы аварияны жоюуга байланыштуу суу токтотулат.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.