Кыргызстанда электрондук суусундуктарга тыюу салуу маселеси кайра көтөрүлдү
18 июнь

Кыргызстанда электрондук суусундуктарга тыюу салуу маселеси кайра көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Марипов өлкөдө энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салууну сунуштады. 

“Нитро”, “Флеш” деген энергетикалык суусундуктар боюнча өтө көп кайрылуулар келүүдө. Аны таксисттер менен мектеп окуучулары көп колдонушат экен. Мындай суусундуктар ден соолукка абдан зыян. Кыргызстанга импорттоого тыюу салуу керек. Тийиштүү маморгандар бул маселе боюнча чара көрүүгө тийиш”, - деди Марипов.