УКМК коррупция боюнча соттолгондорду өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салууну сунуштады
3 декабрь

УКМК коррупция боюнча соттолгондорду өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салууну сунуштады

Бүгүн, 3-декабрдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Аталган мыйзам долбоору тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары Тимур Шабданбеков маалымат берди.

Анын айтымында, мыйзам долбоорунда төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталууда:

  • жубайы же жакын туугандары белгиленген тартипте оор же өзгөчө оор кылмыш жасоого күнөөлүү деп таанылган, же болбосо ага (талапкерге) карата кылмыш-жаза иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган учурда аскердик кызматка, укук коргоо органдарына же сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнө кабыл алуудан баш тартуу;
  • коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү адамдын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө милдеттүү түрдө жана өмүр бою тыюу салуу;
  • коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн айып пулдарды жокко чыгаруу;
  • коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдарга, күнөөсүн моюнга алуу жана материалдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө келишим түзүүдө, эркинен ажыратуунун эң төмөнкү мөөнөтүнүн кеминде жарымын дайындоо.