Арал – Казарман унаа жолуна тоо боорунан түшкөн таштар тазаланууда
26 май

Арал – Казарман унаа жолуна тоо боорунан түшкөн таштар тазаланууда

Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал – Казарман тилкесинде (243-296-чакырымдар аралыгы) тоо боорунан түшкөн таштарды тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Жеринде аймакты караган № 18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатышат. Каттам бар.

"23-25-май күндөрү 2200 м3 таш көчкү тазаланды", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, № 18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 7-52-чакырымдар аралыгын автогрейдер менен тегиздөө иштери жүрүп жатат.