Жогорку Кеңеште дары өсүмдүктөрүн өстүрүү жана кайра иштетүү маселелерин талкуулоого арналган кеңейтилген жыйын өттү
Бүгүн, 3-апрелде Жогорку Кеңеште дары өсүмдүктөрүн өстүрүү тармагын өнүктүрүү, аларды кайра иштетүү жана фитопрепараттарды өндүрүү, укуктук жөнгө салуу жана мамлекеттик колдоо маселелерин талкуулоого арналган кеңейтилген жыйын өткөрүлдү. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, илимий жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана фитопрепараттарды өндүрүүчүлөр катышты.
Депутат Исманали Жороев 2026-жылдын март айында дары чөптөрдү чогултуу, даярдоо жана кайра иштетүү менен алектенген фитопрепараттарды өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү ага кайрылганын эске салды. Анын айтымында, аталган тармактын учурдагы абалын талкуулап, Жогорку Кеңеште мындан ары кароого сунуштарды даярдоо максатында кеңейтилген жыйын өткөрүү чечими кабыл алынган.
«Дары чөптөрдү жөн гана чийки зат катары кароого болбойт. Бул, биринчи кезекте, табигый дарылык каражаттарды пайдалануу боюнча салттуу билимдердин бай мурасынын бир бөлүгү. Кыргызстандын аймагы сейрек кездешүүчү жана баалуу дары чөптөр өскөн өзгөчө шарттарга ээ», – деген депутат Исманали Жороев, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана тармакты «жашыл экономика» принциптеринин алкагында өнүктүрүү чоң мааниге ээ экенин кошумчалады.
Иш-чаранын катышуучулары дары чөптөрдү көзөмөлсүз жыйноо ресурстардын азайышына жана айрым түрлөрдүн жоголуп кетишине алып келип жаткан көйгөйдү белгилешти. Ошону менен катар дары чөптөрдүн негизиндеги продукцияларды экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү, экологиялык стандарттарды сактоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу маселелери талкууланды. Бул чаралар өлкөнүн уникалдуу флорасын сактоого гана эмес, тармакты өнүктүрүү үчүн кошумча экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт түзөт.
Андан тышкары, пайызсыз насыяларды берүү, жапайы чогултуунун ордуна дары чөптөрдү өстүрүү, табигый дарылык каражаттарды колдонуу боюнча салттуу билимдердин жана алардын алып жүрүүчүлөрүнүн маалымат базасын түзүү, бул билимдерди кийинки муунга өткөрүп берүү маселелери ортого салынды.
Муну менен катар катышуучулар санариптештирүүнүн зарылдыгына, өлкөнүн жаратылышты коргоо аймактарынын инфраструктурасынын учурдагы абалына көңүл бурушту. Ошондой эле фито-лаборатория түзүү, сертификаттоо системасын киргизүү, фито-музей ачуу, тиешелүү мамлекеттик органдардын катышуусунда семинарларды жана тренингдерди уюштуруу боюнча демилгелер көтөрүлдү.
