Орозо айт майрамында коомдук коопсуздукту камсыздоого 2500ден ашык милиция кызматкери тартылды
Бүгүн, 2025-жылдын 29-март күнү, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Айбек Ажыбаевдин жана Орозо айт намазын өткөрүү учурундагы коомдук тартипти сактоого тартылган кошумча күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда нускамалык жыйын өткөрүлдү.
Кеңешменин жүрүшүндө, Орозо айт майрамына карата өткөрүлө турган иш-чарага Бишкек шаарынын аймактарындагы 126 жайгашкан мечиттерге, 2500 ашык укук коргоо органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти жана жол кыймылынын эрежелерин көзөмөлдөөгө бекитилди.
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы Орозо айт майрамын өткөрүү учурунда, коомдук тартипти сактоону жана милиция кызматкерлеринин бардык мыйзамдуу талаптарына түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.
