Бишкекте КР жана РФнын ИИМ башчылары жолукту
Бишкекте мамлекеттик сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбековдун Россия Федерациясынын ички иштер министри Владимир Колокольцев менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун башында ички иштер министри Улан Ниязбеков ведомстволор ортосунда түзүлгөн өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи:
“Биздин ар бир жолугушуубуз көп жылдык кызматташтыктын жүрүшүндө биздин ведомстволордун ортосунда түзүлгөн туруктуу, өнөктөштүк жана достук мамилелерди тастыктайт. Мындай мамилелер ыкчам чечимдерди табууга жана пайда болгон көйгөйлөргө алгачкы этапта эле натыйжалуу жооп берүүгө мүмкүндүк берет”.
Тараптар кызматташуунун актуалдуу багыттарын, трансулуттук кылмыштуулукка каршы аракеттенүү маселелерин жана мындан аркы күч-аракеттерди координациялоо зарылдыгын талкуулашты.
“Бүгүнкү күндө, трансулуттук кылмыштуулуктан баштап миграциялык процесстерге чейинки заманбап глобалдык чакырыктарды эске алуу менен, күч-аракеттерди тыгыз координациялоо жана кызматташтыктын укуктук базасын мындан ары бекемдөө, аны системалуу жана натыйжалуу кылуу зарылдыгы келип чыгууда”, - деп белгиледи Кыргызстандын Ички иштер министри.
Аягында тараптар ведомстволор ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган бир нече эки тараптуу документтерге кол коюшту.
