Малайзияда Кыргызстандык студенттердин катышуусунда иш-чара өткөрүлдү
Куала-Лумпурда 16-мартта Малайзияда билим алып жаткан кыргыз студенттеринин катышуусу менен майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Саамалык Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги жана малайзиялык “NAMA Foundation” билим берүү фонду тарабынан уюштурулду. Ошондой эле иш-чарага Малайзиянын Жогорку билим берүү министрлигине караштуу “Education Malaysia” агенттигинин өкүлдөрү катышты.
Ооз ачар форматында өткөн иш-чарага 100дөн ашуун адам катышты.
Ачылышында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчиси Анвар Анарбаев сөз сүйлөп, кыргыз диаспорасынын биримдигин бекемдөө, Малайзияда алган билимди Кыргызстанды өнүктүрүүгө колдонуу, ошондой эле улуттук салттарды, маданиятты жана эне тилди чет өлкөдө сактоонун жана өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле, ал өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жана Азыркы Кыргыз мамлекеттүүгүн түптөгөн аталар жөнүндө баяндама жасады.
Жолугушуунун соңунда Элчилик Малайзияда билим алып жаткан кыргыз студенттерин келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктады.
