Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди
3 декабрь

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов иш сапары менен Кыргызстанга келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан жогорку даражалуу мейманды  министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Олжас Бектенов Бишкекке кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 12-жыйынына катышуу үчүн келген.

Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынынын алкагында эки тараптуу кызматташуунун жана артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.