Бишкекте  вебкам-студияларды уюштурган шектүү кармалды
18 март

Бишкекте вебкам-студияларды уюштурган шектүү кармалды

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан вебкам-студияларды уюштурган шектүү кармалды, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы. 

Милициянын маалыматына караганда, Бишкек шаардык милициясына интернет сайттары аркылуу жарнамалап, кыздарды жогорку акы төлөнүүчү онлайн-видео маек куруу кызматтарын көрсөтүүгө вебкам-студияларына жумушка чакырылып жатканы  тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка тартуу) менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми, тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИББнин кызматкерлери тарабынан 1995-жылы туулган Т.А., аттуу шектүү кармалып,  Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына  киргизилген.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда