Капарбек Адиев Свердлов районунун акими болуп дайындалды
3 декабрь

Капарбек Адиев Свердлов районунун акими болуп дайындалды

Капарбек Адиев Бишкектин Свердлов районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык дайындалды.

Буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунун башчысынын биринчи орун басары болуп иштеген. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын кызмат ордуна дайындоо үчүн сунушталган кадрлардын региондук резервинде турат.

Мэр Айбек Жунушалиев жаңы акимге районду өнүктүрүүгө багытталган бир катар милдеттерди койду.

Айрыкча, базарларга, тротуарларды курууга жана жашылдандырууга өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.

Кубанычбек Айтакунов ээлеген кызматынан өз каалоосу менен бошотулду.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.