
Улуттук илимдер академиясында Үй-бүлө кодексинин долбоору боюнча коомдук талкуулар өттү
Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин долбоору талкууланды. Бул иш-чара 2024-жылдын декабрында өткөн III Элдик Курултайда Президент Садыр Жапаров тарабынан берилген тапшырманы аткаруу алкагында – үй-бүлө институтун бекемдөөгө багытталган чараларды иштеп чыгуу максатында өткөрүлдү.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров сөз сүйлөп, үй-бүлө мыйзамдарын заманбап талаптарга жана улуттук баалуулуктарга шайкеш келтирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Үй-бүлө – коомдун негизи, ал эми мамлекеттин милдети – аны укуктук жактан коргоо. Жаңы кодекстин долбоору салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо менен бирге бүгүнкү күндүн реалдуулугун да эске алууга багытталган», – деди министр.
Иш-чарага Президенттин Администрациясынын бала укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Чолпонкул Арабаев, мамлекеттик органдардын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Министр Равшанбек Сабиров белгилегендей, аймактарда жана адистер менен өткөрүлгөн талкуулардын жүрүшүндө түшкөн сунуштар кылдаттык менен каралып, документти кайра иштеп чыгууда эске алынды.
Долбоордун негизги жоболору:
• Долбоор 7 бөлүмдү, 15 глава жана 107 беренени камтыйт. Ал Кыргыз Республикасынын «Нормативдик укуктук актылар жөнүндө» Мыйзамына ылайык жаңы редакцияда даярдалган;
• «Үй-бүлөлүк милдеттер» жана «салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктар» деген жаңы түшүнүктөр киргизилген;
• Кодексте Бала жөнүндө кодексти кайталаган жоболор алып салынган, ал өз алдынча укуктук акт катары калат;
• Никеге туруудан мурун медициналык кароодон өтүү милдет эмес, укук катары сунушталууда;
• Никеге туруу жаш курагы 18 жаш бойдон калат деген позиция бекемделген.
Талкуу мамлекеттик бийлик, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү жана жарандык коом үчүн маанилүү диалогдук аянтча болду. Катышуучулар үй-бүлөнү бекемдөөгө, балдардын укуктарын коргоого жана улуттук баалуулуктарды сактоого багытталган мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.
Май айынын аягына чейин Эмгек министрлигинин имаратында жумушчу топ жана кызыкдар тараптар Үй-бүлө кодекси боюнча келип түшкөн сунуштарды талкулоону жыйынтыктоо үчүн чогулушат.