Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жаранга электрондук браслет тагылат: ал кандай иштейт?
Жогорку Кеңеште электрондук браслет ыкмасын үй-бүлөлүк зомбулук жасаган жарандарга да колдонууну сунуштаган мыйзам долбоору каралууда. Депутат Камила Талиева буга чейин электрондук браслет ыкмасы башка кылмыштарга колдонулганын белгилеп, анын жыйынтыгы кандай болуп жатканына кызыкты.
Юстиция министрлигинин өкүлүнүн айтымында, аталган министрликтин мониторинг борбору тарабынан бул ишке ашканына бир жыл болду. Мониторинг борбору 24 саат бою нөөмөт менен иштейт. Электрондук браслет тагылган жарандарга күнү-түнү көзөмөл болот. Буга чейин Пробация департаменти1500 жаранга колдонгон жана анын жыйынтыгында, пробацияга чыккандардын мыйзам бузуулары 5 пайызга азайган, себеби жоопкерчилик күчөтүлдү.
“Электрондук браслет эл аралык стандартта колдонулуп келүүдө. Биз да андан артта калбашыбыз керек. Кайсы бир деңгээлде ал кылмыштардын жасалышына бөгөт коет. Бирок бир нерсе түшүнүксүз: мисалы, үй-бүлөлүк зомбулукка барган жаранга тагылды дейли, ал зомбулукту кайрадан жасоого камынганда, аны кантип байкайсыздар?” – деди депутат.
Юстиция министрлигинин өкүлүнүн айтымында, браслет тагылаары менен ошол жарандын ар бир кыймылы көзөмөлдө болот.
“Соттун чечими менен браслет 3 айлык мөөнөткө тагылат. Ал убакыт аралыгында курмандыгына жакындаса, мониторинг борборунун кызматкерлери көрөт дагы, дароо ИИМдин жооптуу кызматкерине табышташат, а алар окуя болуп жаткан жерге заматта барышат”, – деди ал.
Камила Талиева электрондук браслетке чейинки процедурага токтолду:
“Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аял милицияга арыз жазууга барса, бул үй-бүлөлүк чатак, өзүңөр чечишип алгыла деп арызын кабыл албай, тескерисинче мазактап жолго салган учурлар көп экен. Бул кылмышты жашыруу дегендик. Ушундай кайдыгерликке барган укук коргоо кызматкерине да чара көрүү керек, аны башка мыйзам менен алып келиңиздер”.
