Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрөт
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланышуу шашылыш билдирүү таратты.
Синоптиктердин маалыламытан караганда, 26-27-майда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
"Чарбактардагы арыктарды, сел каналдарын тазалап селдин алдын алуу иштерин жүргүзүү зарыл. Тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартып, коопсуз жайларда болуңуздар", - деп айтылат маалыматта.
Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз 112 кызматына билдириңиз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
