Кыргызстан жана Казакстандын профсоюздары кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюшту
11 июль

Кыргызстан жана Казакстандын профсоюздары кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюшту

Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасынын биринчи орун басары Саламат Боёнов түштүк аймактарга болгон иш сапарынын алкагында Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында бир катар социалдык жана эмгектик объектилерди кыдырды.

Иш сапардын жүрүшүндө ал жергиликтүү кесиптик бирликтер уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана көйгөйлөрү менен таанышты.

Саламат Боёнов ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү багытында иш алып барган санаторийдин ишмердүүлүгүн көрүп чыгып, профсоюз өкүлдөрү менен жолугуп, аймактагы кызматкерлердин абалы жана эмгек шарттары боюнча пикир алмашты.

Иш сапар аймактык деңгээлде профсоюздардын ишин күчөтүү, жеринде көйгөйлөрдү угуп, тийиштүү чечимдерди кабыл алуу максатында өттү.