Сузак районунда жол эрежесин бузган үгүтчүлөргө айып салынды
Сузак районунда жол эрежесин бузган үгүтчүлөргө айып салынды. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.
Анын айтымында, социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда шайлоо үгүтчүлөрү тарабынан жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча видео тасма тараган. Тасмада айдоочунун жолдун талаптарын сактабагандыгы байкалган.
Бул маалымат боюнча Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам чара көрүшүп, эреже бузган айдоочуну аныкташты. Ага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуу кодексинин 188-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 1000 сом өлчөмүндө айып салынды.
Ошондой эле айдоочуга жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам талаптарын так аткаруу эскертилгендигин билдирди.
