Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Португалияга жөнөп кетти
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 29-июнда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) XXXII жылдык сессиясына катышуу үчүн Португалия мамлекетине жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлайт.
Иш сапардын алкагында төрага аталган эл аралык иш-чарада баяндама жасап, аймактык жана глобалдык маселелерди чечүүдө парламенттик дипломатиянын ролун кеңейтүү боюнча сунуштары менен бөлүшөт.
Андан тышкары бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды да өткөрөрү күтүлүүдө.
