Бишкекте ЖККУга мүчө-мамлекеттердин ТИМ башчыларынын кеңеши өттү
Бишкек шаарында 27-ноябрда Кыргызстандын төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Жолугушуу жемиштүү жана иштиктүү кырдаалда өтүп, анда Кыргыз Республикасынын Уюмга төрагалык кылуусунун жыйынтыгы талкууланды. Аймактык коопсуздукту чыңдоо, жамааттык коргонуунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу, тышкы саясий аракеттерди координациялоо жана азыркы коопсуздук чакырыктарына каршы туруу маселелери талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө уюмга мүчө мамлекеттердин коргонуу жана коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташуусунун стратегиялык багыттары, ошондой эле трансулуттук коркунучтарга, анын ичинде терроризмге жана кибер коркунучтарга каршы туруу чаралары боюнча пикир алмашуу болду.
Жыйындын жыйынтыгында Жамааттык коопсуздук механизмдерин мындан ары бекемдөөгө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынды. Тактап айтканда, Баңгизатка каршы стратегия жана жакынкы беш жылга аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планы кабыл алынды. Ошондой эле ЖККУнун КМШ жана ШКУ сыяктуу башка эл аралык уюмдар менен өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө көңүл бурулду.
Кыргыз Республикасынын төрагалыгы жогорку деңгээлде уюштурулган иши, ачык диалогу, сүйлөшүүлөрдүн натыйжалуу жүргүзүлүшү жана бардык мүчө-мамлекеттердин кызыкчылыктарына көңүл буруусу менен өзгөчөлөндү. Кыргыз тарабы тынчтыкты, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында өз ара ишенимди чыңдоонун, биргелешкен аракеттерди координациялоонун жана келип чыккан коркунучтарга ыкчам жооп кайтаруунун маанисин баса белгиледи.
