Манас районунда прокуратуранын жаңы административдик имараты ачылды
Манас районунун прокуратурасынын жаңы административдик имаратынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага мамлекеттик бийлик органдарынын, укук коргоо түзүмдөрүнүн жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиев жаңы имараттын ачылышын өлкөдө мыйзамдуулукту чыңдоого багытталган иш-аракеттердин маанилүү жыйынтыктарынын бири катары баалап, бул имараттын ишке берилиши – жөн гана жаңы курулуштун пайдаланууга тапшыруу эмес, коомубузда мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү чыңдоого багытталган маанилүү кадам, өлкө башчыларыбыздын жүргүзүп жаткан натыйжалуу иштеринин жыйынтыгы болуп саналат — деп белгиледи.
Жаңы административдик имарат заманбап стандарттарга толук жооп берип, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу жана коопсуз иш шарттарын камсыздайт.
Ошондой эле жарандарды кабыл алуу үчүн жеткиликтүү, ыңгайлуу жана ачык форматтагы бөлмөлөр каралган.
