Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун күнүн бекитти
Сүрөт ачык булактардан алынды
24 сентябрь

Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун күнүн бекитти

Бүгүн, 24-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралып, кабыл алынды.

Жыйында аталган маселе боюнча Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Гульнара Акимбаева маалымат берди.

Тагыраагы, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо Жогорку Кеңештин токтому менен дайындаларын белгилеген комитет төрайымы кезектеги шайлоо иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган жылдын январь айындагы (2027-жылдын 27-январында) төртүнчү шаршембиде өткөрүлөрүн кошумчалады.